Өлкөбүздү сүрөгөн негизги күч. С.Жапаров жаштарды майрамы менен куттуктады

Президент жаштардын демилгелерин, инновациялык долбоорлорун колдоп берүүнү, аларды мамлекеттик кызматтарга тартууну улантууга убада берген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштардын ролу артып жатканын айтып, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаш мекендеш бийликтин бардык бутактарында жетекчилик кызматтарда иштеп жатканын белгилеген.
"Жүз миңдеген улан-кыздарыбыз турмуштун бардык тармактарында өлкөбүздүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланууда. Мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүү максатында "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол коюлуп, ишке кирди. Бул мыйзам алардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүүдө чоң өбөлгө болоруна ишенем. Жакынкы мезгилде "Кыялымдагы Кыргызстан" форумун өткөрүү мерчемделип жатат. Аталган иш-чарага Кыргызстандын ар бир аймагынан активдүү улан-кыздар катышмакчы", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Жапаров жаштардын билим алуу, эне тилин билүү, жумушсуздук, арзан турак жай менен камсыздоо, миграция агымын азайтуу, салттуу эмес диний агымдардын таасиринен сактоо сыяктуу маселелери мамлекеттин көңүл чордонунда экенин да белгилеген.
"Азыркы дүйнөлүк атаандаштыктын катаал шартында интеллектуалдык потенциалы жогору кадрларга муктаждык болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. Мындай шартта жаштарыбызга инвестиция салууну өлкөбүздүн өнүгүүсүн бийик деңгээлге алып чыга турган, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган ресурстук капитал деп билебиз. Жаңы Кыргызстанды куруу шартында мамлекеттин саясатынын бардык багыттарында жаңылоону жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жаштар саясаты да четте калбайт. Жаштар — өлкөбүздү сүрөгөн негизги күч!" — деген Жапаров.
Президент Кыргызстандын жаштары менен сыймыктанарын айтып, жаштардын демилгелерин, инновациялык долбоорлорун колдоп берүүнү, аларды мамлекеттик кызматтарга тартууну улантууну убадалаган.
Жаңы мыйзамдан кийин Кыргызстанда жаштардын саны канчага көбөйгөнү айтылды