Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Немец генералы: Россия Киевдин Куралдуу күчтөрүн талкалап, чабуулга даярданууда

Генералдын баамында Украинанын куралдуу күчтөрү чабуул учурунда көп жоготууга учураган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиянын аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүн талкалап, эми Одессаны бошотууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу HKCM YouTube каналына НАТОнун Аскер комитетинин мурдагы башчысы, отставкадагы немец генералы Харальд Кужат билдирген.
Анын баамында Украинанын Куралдуу күчтөрү чабуул учурунда көп жоготууга учураган.
"Россиянын максаты — аймакты кандай жол менен болсо да алуу эмес, Украинанын Куралдуу күчтөрүн жок кылуу. Бул — душманды куралсыздандырсаң калганы өзү эле болот деген Клаузевицтин негизги эрежеси. Россия бул максатына жетти. Орустар бир нече күндөн бери активдүү коргонуу жөнүндө айтып жатышат, демек, алар чабуулга даярданууда", — деген Кужат.
Ал орустар тылда эбегейсиз күч топтогонуна токтолгон.
"350 миң солдат деп айтып жатышат. Алар жаңы аскер бөлүгүн, 25-бириккен куралдуу армияны түзүштү. Бул Россия бир учурда чындап эле күчтүү чабуул жасашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт", — деген немец генералы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ өкмөтүндө Украинага түз бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн акча калган жок