Жапаров Парижде ЮНЕСКОнун сессиясында сүйлөп, Айтматовдун осуятын айтты

Президент климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн кесепеттерине токтолуп, 2027-жылы Кыргызстан "Бишкек+25" тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. “Жерди, жаратылышты сактагыла, ансыз жер бетинде жашоо болбойт. Өткөндү унутпа, анткени ансыз келечек жок”. Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бул осуятын президент Садыр Жапаров Парижде ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясында сүйлөп жатып айтканын анын маалымат кызматы билдирди.
“Жерди, жаратылышты сактагыла, ансыз жер бетинде жашоо болбойт. Эркиндикти жана тынчтыкты сактагыла, ансыз биздин жашообузда тынчтык болбойт. Сүйүүнү, адеп-ахлакты, абийирди сактагыла, ансыз адам адам болбой калат. Өткөндү унутпа, анткени ансыз келечек жок”, — деген улуу калемгердин сөздөрүн келтирген Жапаров.
Мамлекет башчысы кайрылуусунда глобалдык климаттын өзгөрүшүнө токтолгон.
"Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепетинен тоо экосистемалары жана мөңгүлөр өзгөчө аялуу болуп калды. Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондуктан, климаттын өзгөрүү шарттарында мөңгүлөрдүн эриши жана мөңгүлүү көлдөрдүн жырылуу коркунучуна түздөн-түз кабылууда", — деген ал.
Жапаров Кыргызстан тоо экосистемасынын көйгөйлөрүн чечүү максатында БУУнун алкагында тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерди 20 жылдан ашуун убакыттан бери илгерилетип келерин белгиледи.
"2022-жылы биздин өлкөнүн жана Италиянын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясы бир добуштан кабыл алынган. "Тоо беш жылдыгынын" жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстан "Бишкек+25" тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырууда", — деген президент ага активдүү катышууга жана тоо экосистемаларын сактоо үчүн конкреттүү салым кошууга чакырган.
Мындан тышкары, туруктуу келечекке жол катары экологиялык окутуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Жапаров Париждеги сөзүндө ЮНЕСКОнун конвенцияларынын алкагында өлкөдө маданий мурастарды мамлекеттик коргоонун жана жайылтуунун натыйжалуу системасы түзүлгөнүн кошумчалаган.
"2019-жылдан бери Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин активдүү мүчөсү. Кыргызстан 2023-2027-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине кайра шайланууга талапкерлигин көрсөттү. Биз мындан ары да уюмдун органдары менен комитеттерине шайлануу жана жигердүү иштөө аркылуу анын ишмердүүлүгүнө салым кошууга даярбыз", — деген.
Көңүл ооруп, зээнибиз кейип турат. С.Жапаров Палестина-Израиль чатагы тууралуу