Ошто милиция каракчылык, террорчулукка шектелгендерди массалык түрдө кармады. Сүрөт

Жалпы 11 адам кармалып, тогузу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ири куралдуу каракчылыкка, экстремизм менен терроризмге шектүү адамдарды кармады.
1 / 6

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ири куралдуу каракчылыкка, экстремизм менен терроризмге шектүү адамдарды кармады

2 / 6

Жалпысынан 11 киши колго түшүп, тогуз адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди

3 / 6

Алар жашаган үйлөрдөн курал, жарылуучу заттар, сооттолгон кийим жана ок-дарылар табылган

4 / 6

Тактап айтканда, анын арасында автоматтар, жүздөгөн ок-дарылар, тапанча, жардыруучу заттар, рация, ноутбук, флешка, араб тилинде жазылган түрдүү китептер, аскер формалары, араб тилинде жазуусу бар желек бар

5 / 6

Ушул жылдын 25-апрель күнү акча алмаштыруучу жайда болгон каракчылыктан жабырлануучуга 3,6 миллион сом зыян жана денесине залакат келтирилген

6 / 6

Бул кылмышты иликтөө учурунда 17 адам кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган

Жалпысынан 11 киши колго түшүп, тогуз адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Билдирмеге ылайык, кармалган тогуз адамдын үчөө мурда каракчылык жана террордук ишке көмөктөшкөнү үчүн издөөдө жүргөн. Алар жашаган үйлөрдөн курал, жарылуучу заттар, сооттолгон кийим жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, анын арасында автоматтар, жүздөгөн ок-дарылар, тапанча, жардыруучу заттар, рация, ноутбук, флешка, араб тилинде жазылган түрдүү китептер, аскер формалары, араб тилинде жазуусу бар желек бар.
Ушул жылдын 25-апрель күнү акча алмаштыруучу жайда болгон каракчылыктан жабырлануучуга 3,6 миллион сом зыян жана денесине залакат келтирилген.
Бул кылмышты иликтөө учурунда 17 адам кармалып кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын ичинен 14ү эркек, үчөө аял. Алардан 13 адам камакта, үч адам үй камагында, бир адам кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүгү үчүн (Чүй облусунун аймагында) жок кылынган. Бул топ тарабынан мурда жасалган жана даярдалып жаткан 29 кылмыш иши аныкталган. Мындан улам кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн издөө башталган.
Учурда Ош ШИИБнин тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу тергөө иштери улантылууда. Алынган куралдардын жарактуулугун текшерүү үчүн атайын экспертизалар дайындалган.
Жалал-Абадда таанышын 35 млн. сомго алдап кетти деген киши Өзбекстандан кармалды