БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залында 15-ноябрда залкар ырчы, педагог, профессор, КРдин эл артисти Марлен Темирбековдун 90 жылдыгына арналган концерт болот. Бул туурасында Русский дом билдирди.
© Фото / из семейного архива Темирбековых
Классикалык музыканы сүйүүчүлөрдүн бул музыка майрамы саат 18:00дө башталат.
Симфониялык чоң оркестрдин коштоосунда сахнага маэстронун шакирттери, Кыргызстандын эл артисттери жана эмгек сиңирген артисттери: Кайымбек Кускаков, Чырмаш Төрөбеков, Заира Раимбекова, Токтогул Рысалиев, Игорь Воронцов, Таир Бейшеев жана дагы бир топ өнөр адамдары чыгат", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / из семейного архива Темирбековых
Марлен Темирбеков — Петр Чайковский атындагы Москвадагы мамлекеттик консерваториянын бүтүрүүчүсү. 1958-жылдан тарта Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти. "Жамийла", "Евгений Онегин", "Фауст", "Травиата", "Лакме", "Кармен" операларында партияларды аткарган. 1993-жылдан тарта Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жалгыздап ырдоо кафедрасынын жетекчиси. Темирбеков тарбиялаган өнөр адамдарынын арасында Кыргызстандын эл жана эмгек сиңирген артисттери бар. Алар бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде ырчылык өнөрдү аркалап же педагогдук иш менен алектенип келишет. Темирбеков — атактуу ботаник-багбан Алексей Фетисовдун чөбөрөсү. Бул инсандын жетекчилиги менен революцияга чейин Пишпек шаарын жашылдандыруу иштери жасалган.