Радио

Чемпион Аманбеков: тажрыйбамды жаштарга үйрөтүп, машыктыруучу болуу ниетим бар

Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн жана Азиянын үч жолку чемпиону, дүйнө кубогунун ээси Авазбек Аманбеков өлкөдө кикбоксинг, ушу-саньда боюнча спорттук мектептерде машыктыруучулар, педагогдор жетишпей турганын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында 3 жолу жалгыз мен уттум. Эми спорттук карьерамды жыйынтыктаган соң тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүп, машыктыруучу болууну көздөп турам. Бул тууралуу Авазбек Аманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кикбоксингдин өнүгүшүнө коңшу мамлекеттер жакшы көңүл буруп, бардык шартын түзүп берет.
"Кикбоксинг спорту дүйнөнүн көп өлкөсүнө жайылып, бүгүнкү күндө миллиондогон адамдар спорттук дисциплина катары, ден соолук үчүн, өзүн-өзү коргоо максатында машыгып келишет. Кыргызстанда да популярдуу болуп өнүгө баштаганы менен мамлекет тарабынан өтө чоң колдоо жасалбай келсе, акыркы учурларда жыйынтык көрсөткөн спортчулардын окуу-машыгуулары, ички чемпионаттарды өткөрүүдө жакшы көңүл бурулуп калды. Мисалы, кикбоксингдин өнүгүшүнө коңшу мамлекеттер жакшы көңүл буруп, бардык шартын түзүп берет. Жалпы спорттук карьерамда эң ири мелдештерди жеңип, кикбоксингде дүйнөнүн 3 жолку чемпиону боло алдым. Эми спорттук карьерамды жыйынтыктаган соң тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүп, машыктыруучу болууну көздөп турам", — деди Аманбеков.
Ал спорттук жакшы жыйынтыктар болуш үчүн инфраструктура маселеси да чечилиши керектигин кошумчалады.