Валерий Фальков: жыл сайын 3 миңдей кыргызстандык Россия ЖОЖдорун аяктайт

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жыл сайын Кыргызстандын үч миңге жакын жараны Россиянын окуу жайларын бүтүрөт. Бул тууралуу РФтин илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков Кыргызстандагы россиялык жана советтик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн форумундагы видеокайрылуусунда билдирди.
Ал россиялык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жогорку квалификациялуу адистер экенин жана алар карьерасын ийгиликтүү куруп, республиканын экономикасынын түрдүү багыттарынын өнүгүшүнө салым кошуп жатышканын белгиледи.
Министр Кыргызстанга жасаган сапарында өлкө үчүн кадрларды даярдоо жана мындан аркы кызматташуунун варианттары талкууланганын эске салды.
"Министр Догдуркүл Кендирбаева менен педагогдорду, инженерлерди жана медиктерди даярдоого өзгөчө көңүл бурууну макулдашканбыз", — деди ал.
Бишкекте россиялык жана советтик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн форуму өтүүдө