Министрлик: РФтин буудайды экспорттоого салган тыюусу Кыргызстанга таасир этпейт

Кыргызстанда катуу буудайдын көлөмү жыл аягына чейин жетиштүү экени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Россиянын буудайды экспорттоого салган тыюусу Кыргызстанга таасир этпей турганын билдирди.
Министрлик Россиянын өкмөтү нормативдик актылар порталына 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 31-майына чейин катуу буудайды экспорттоого тыюу салуу боюнча токтом долбоорун жарыялаганын билдирип, документ Кыргызстанга кандай таасир этерин түшүндүргөн.
"ЕАЭБдин алкагындагы келишимдер боюнча РФтен Кыргызстанга буудай жеткирүү токтогон жок жана чектөө болбойт. Экспортко салынган тыюу үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү. Ал 2023-жылдын 1-декабрынан тарта 2024-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот", — деген министрлик.
Мекеме Кыргызстанда катуу буудайдын көлөмү жыл аягына чейин жетиштүү экенин белгилеген. Эске салсак, Кыргызстанда 2023-жылдын 12-сентябрында 6 айлык мөөнөткө буудайды жана унду экспорттоого тыюу салган.
Путин: ЕАЭБ айыл чарба товарларынын көбү менен өзүн-өзү камсыздап келет