Россия Газа эли үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү

Гумжардамда азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, кийим-кече, меш, жууркандар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиянын ӨКМ куткаруучулары Газа секторунун калкы үчүн 25 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Ил-76 учагы Казан аэропортунан Египетке учуп кетти. Бул тууралуу ведомствонун Telegram-каналына жарыяланды.
"Россиянын ӨКМи Газа секторунун калкы үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү... Ведомствонун Ил-76 учагы Казандын аэропортунан учуп кетти. Гуманитардык жүк Египет Араб Республикасынын аймагына жеткирилип, египеттик Кызыл жарым ай коомчулугунун өкүлдөрүнө өткөрүп берилет. Алар жүктү кайра Газа элине жөнөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Россиялык гумжардам РФ президенти Владимир Путиндин көрсөтмөсү жана РФ ӨКМ жетекчиси Александр Куренковдун тапшырмасынын негизинде уюштурулду.
Гумжардамда азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, кийим-кече, меш, жууркандар бар.
"Согуш күчөсө дейт". АКШнын Жакынкы Чыгыштагы келерки кадамы тууралуу айтышты