Радио

Жумгалда жердин магниттик талаасына байкоо жүргүзгөн обсерватория курулууда

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев өлкөдө жер силкинүүлөрдү каттаган сейсмикалык 28 станция бар экенин айтты.
Sputnik
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту Кыргызстандагы жана ага чектеш аймактардагы жер титирөөнү жана сейсмикалык активдүүлүктү изилдейт. Жер титирөөлөргө байкоо жүргүзүп, сейсмикалык активдүүлүктүн себептерин жана кесепеттерин талдайт. Бул тууралуу Алымбай Токтосопиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар.
"19-27-октябрь аралыгында Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде 4 баллга жетпеген 10 ирет жер титирөө катталды. Институттун жер силкинүүлөрдү каттаган сейсмикалык 28 станциясы бар. Анын 12си Россиянын Илимдер академиясына тиешелүү жабдуулар. Булар сейсмикалык аймактардагы геодинамикалык активдүүлүктү көзөмөлдөп турат. Биздин метеорологдор сыяктуу алдын ала байкап, жер силкинүүнү божомолдоп айтуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Теориялык, геологиялык, тектоникалык изилдөөлөрдүн негизинде гана эмне үчүн ушул аймакта, ушунча баллдык жер титирөө болгонун гана айтып бере алабыз. Учурда Сейсмология институтунун негизги долбоору болгон сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта иштелип чыгууда. Ал өлкөдөгү эл жашаган бардык жерлерди сейсмикалык жактан райондоштурууга, жер титирөөнүн деңгээлин аныктоого жардам берет. Ошондой эле азыркы күндө Жумгал районундагы Арал айылында Кытайдын каражатына геомагниттик обсерватория курулуп жатат. Бул жай бир да мык, бир да темир колдонулбастан салынып, жердин магниттик талаасынын өзгөрүлүүсүнө байкоо жүргүзөт", — деди Токтосопиев.
Ал өлкөдө жылына 12 миңден ашуун ар кандай жер титирөө катталарын кошумчалады.