ЕАЭБде жумушсуздук 14,2 пайызга кыскарды

Статистика боюнча, Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны жалпы жумушка жарамдуу калктын 2,6 пайызын түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2023-жылдын сентябрь айынын аягына карата жумушсуздардын саны 867 миң адамды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,2 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында кабарланды.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарында жумушсуздардын саны өлкөлөр боюнча төмөнкүдөй катталган:
Арменияда — 44,6 миң адам;
Беларуста — 4,4 миң адам;
Казакстанда — 295,8 миң адам;
Кыргызстанда — 71,0 миң адам;
Россияда — 451,2 миң адам.
Жумушсуздардын саны чөлкөмдөгү жалпы жумушчу күчтүн 0,9 пайызын түзөт. Өткөн жылы бул көрсөткүч 1,1 пайыз болгон эле.
Путин: ЕАЭБ айыл чарба товарларынын көбү менен өзүн-өзү камсыздап келет