Жаңы жылга чейин Бишкекте дем алыш сайын айыл чарба жарманкеси өтөт. Даректери

Бишкекте айыл чарба жарманкеси. Архив
Арзан сатылуучу азыктар борбор калаанын үч жерине коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкекте ушул дем алышта, 11-12-ноябрь күндөрү, айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөрүн Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мындан ары андай жарманкелер ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин өндүргөн продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.
Жарманке өтүүчү жайлар:
Биринчи май району (Киев — Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаева — Айтиев — Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;
Свердлов району (Төрөкул Айтматов — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.
Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине чалып толук маалымат ала алат.
Жайыт жер. Архивдик сүрөт
Быйыл өлкөнүн 300 гектар жайытына Россиядан алып келинген үрөндөр себилди