Бишкекте үч жашар кыз соода борбордон уурдалып, шаар четинен табылды

Баланы шаардык милициянын жалпы жеке курамы издеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкекте соода борборунан үч жашар кызды уурдап кетишти. Бул тууралуу Свердлов районунун ИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга С. М. аттуу аял кайрылган. Ал соода борбордун оюн залынан үч жашар кызын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголгон.
"Баланы издөө үчүн шаардык милициянын жалпы жеке курамы тартылган. Милицияга 13 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы Р.М. аттуу аял жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда", — дешти милициядан.
Үч жашар кыз Чүй облусуна караштуу Васильевка (Казакстан менен чек арага жакын) айылынан табылган.
Араванда 2 жаштагы эгиз кыздарын сабаган келин кармалды