Бишкек: оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкектин Ленин районунда оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады

2 / 2

Билдирмеге караганда, "Мээрим" борборунда балалуу аялдарга жатакана, ысык тамак берилип, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардамдар акысыз көрсөтүлөт

Билдирмеге караганда, "Мээрим" борборунда балалуу аялдарга жатакана, ысык тамак берилип, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардамдар акысыз көрсөтүлөт.
"Учурда бул жерде 12 аял жана 14 бала жашайт, социалдык кызматтар "Кайрымдуулук борбору" коомдук фондунун эсебинен көрсөтүлүүдө. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 493 миң сом бөлүнгөн", — деп жазылат маалыматта.
Документи жок аялдарга Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортторун жана балдарынын туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам берери кошумчаланды.
Мэрия толук маалыматты 64-11-09, 88-38-99, 65-68-79 номерлерине чалып алса болорун айтты.
Көчөдө калгандарды батырышат. Бишкекте атайын жайлар иштей баштады