ЖМК: Россия Батыштын Борбор Азия боюнча кылыктарына чыдабастыгын көрсөттү

Жалпыга маалымат каражаттары АКШдагы жогорку жактагылардын Путиндин Казакстанга сапарынан кийин маанайы чөккөнүн билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Батыштын деструктивдүү кадамдарына карабай Борбор Азиядагы союздаштары жана коңшулары менен мамиледе өзүн ишенимдүү сезет. Бул туурасында америкалык CNBC телеканалынын баяндамачысы Холли Элиаттын айтканын РИА Новости жазды.
Мындай маанай менен ал Путиндин Казакстанга болгон кечээги сапарына комментарий берген. РФ лидери коңшу мамлекетке алардын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен барган.
"Бул аптада Россия Батыштын Борбор Азия менен алакасын үзө турган кылыктарына чыдай бербестигин көрсөттү", — деп жазган Элиатт.
Журналисттин айтымына караганда, Владимир Путин "мурдагысындай эле өзүнө ишенип турат", ал эми Россия КМШ боюнча союздаштары менен саясий жана экономикалык ишенимдүү позицияда.
Элиаттын айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрү геосаясий маселелерде Батыштын көзүн карабашы үчүн Россия бекем өнөктөш болууга кызыкдар.
Бейшемби күнү Путин менен Токаев "Акорда" резиденциясында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки мамлекеттин лидерлери соода, өнөр жай, маданият, космос, аскердик-техникалык жана коргонуу жаатында кызматташуу боюнча макулдашты. Саламаттыкты сактоо, биологиялык коопсуздук боюнча маселелер да көз жаздымда калган эмес.
Россия президенти: айрым өлкөлөр КМШнын туруктуулугун атайын бузууда