Милиция: Жайыл районунда ок атылып, үч киши жарадар болгон

Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жайыл районунда травматикалык тапанчадан үч киши жаракат алганын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя 6-ноябрь күнү саат 02:30 чамасында Новониколаевка айылында болгон. Үч эркек жергиликтүү жашоочуларды сабап, андан соң травматикалык тапанча менен атып, из жашырышкан.
"Атылган октон үч киши жарадар болуп, аймактык ооруканага жеткирилген. Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Шектүүлөр табылып убактылуу кармоо жайына киргизилген. Алардан травматикалык тапанча табылган. Аталган иш боюнча тергөө уланууда", — деп билдиришти милициядан.
Бишкектин чок ортосундагы атышуу: иш козголуп, экөө кармалды