Адис телефондогу өчүрүп сала турчу функцияларды атады

Эксперт кереги жок тиркемелерден келген билдирүүлөрдү өчүрүп коюуну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Gem Space мобилдик тиркемесин иштеп чыккан команданын жетекчиси Ваге Закарян телефондун кубатын үнөмдөп, ээсинин жеке маалыматтары жайылып кетпеш үчүн смартфондогу кайсы сервистерди өчүрүп коюу керектигин "Прайм" агенттигине түшүндүрдү.
"Эгер колдонуучуга тиркемелерден келген билдирүүлөр өтө деле зарыл эмес болсо, аларды өчүрүп эле койгон оң. Смартфондун экранына чыга берген билдирүүлөр телефондун кубатын азайтат. Мессенжер же банктардын тиркемелеринен келген билдирүүлөрдү гана калтырып койсоңуз болот", — деген адис.
Эксперт көпчүлүк тиркемелер үчүн фон режиминде иштөөнү өчүрүп коюуну да сунуштаган.
"Бул телефондун энергиясын үнөмдөөгө жардам берип, жашыруун маалыматтардын жайылып кетүүсүн алдын алат. Аппараттын иштешин жайлаткан дагы бир сервис — геолокация. Көпчүлүк тиркемелер үчүн бул маалымат дайыма эле керек боло бербейт. Ошондуктан жайгашкан жерди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн толугу менен өчүрүп койсо болот", — деген эксперт.
Адис геолокацияны ансыз иштей албаган тиркемелерде, мисалы, такси чакыруу сервистеринде гана күйгүзүп койсо болорун кошумчалаган.
Смартфондун кубатын кантип үнөмдөсө болот? IT-адисинин түшүндүрмөсү