БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Айыл чарба товарларынын басымдуу бөлүгү боюнча ЕАЭБ өзүн-өзү камсыздаган деңгээлге жетти. Ал эми буудай боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.
Белгилей кетсек, учурда РФ лидери расмий сапары менен Астана шаарында жүрөт. Россия лидери Костанайда өтүп жаткан аймактар аралык кызматташтыктын XIX форумунун пленардык жыйынына видеоконференция аркылуу катышкан.
"Көпчүлүк айыл чарба продукциялары боюнча ЕАЭБ иш жүзүндө өзүн-өзү камсыздап калды. Биздин биримдик буудай өндүрүп, экспорттоо боюнча да дүйнөдө алдыңкы катарда. Баса, бул жылы Россияда да буудайдан жакшы түшүм алынды. Экспорттук потенциал 60 миллион тонна деңгээлинде сакталууда. Абдан маанилүү делген азыкты дүйнөлүк рынокто экспорттоо жана сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ишенимдүү сактап калабыз", — деген Путин.
Россиянын президенти айыл чарба продукцияларынын бир катар түрлөрүн жеткирүү боюнча ЕАЭБ алдыңкы он лидерге кирерин белгилеген.