Нурдан Орунтаев мамлекеттик жаңы кызматка дайындалды

Буга чейин Мамкурулуш агенттигин Мырзабек Жыпаркулов башкарып турган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Мамкурулуш агенттигин Мырзабек Жыпаркулов башкарып турган.
Нурдан Орунтаев 2022-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеп келе жаткан. Ал ордо калаада мыйзамсыз салынган имараттарды түрттүрүп, коомчулуктун оозуна алынган.
Бишкектин чок ортосундагы "Ожак кебаб" кафеси буздурулуп жатат. Видео