Радио

Кыргызстан сумо боюнча рейтингде Азияда экинчи орунда турат

Сумо күрөшү боюнча эл аралык категориядагы калыс, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Эмирлан Качкымбаев сумо боюнча курама командага кыз-келиндер кошулуп, алгачкы жолу ири мелдеште кыргызстандыктар байгелүү кайтканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандык сумочулардын деңгээли өсүп, эл аралык мелдештерде татыктуу атаандаштык көрсөтүп баштады. Алсак, ушул жылдын октябрь айында өткөн Азия чемпионатында өлкөнүн курама командасы Япониядан кийинки эле орунду ээлегенин Эмирлан Качкымбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Азия континентинде Кыргызстан рейтингде буга чейин Япония, Монголиядан кийинки орунда болуп келген.
"Ушул жылдын октябрь айында Токиодо сумо боюнча Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргоду. Мелдешке Алмаз Эргешов, Сулде Донгак, Камбарали Хабибуллоев жана кыздардан Нагира Сарбашова катышты. Турнирдин соңунда биздин курама үч күмүш, бир коло медаль утуп, командалык эсепте Япониядан кийинки экинчи орунду ээледи. Негизи Азия континентинде Кыргызстан рейтингде буга чейин Япония, Монголиядан кийинки орунда болуп келген. Бул жолу көрсөткүчтү жакшыртып, бир орунга жогорулады", — деди Качкымбаев.
Ошондой эле адис сумону Кыргызстанда жайылтып, мелдештердин санын көбөйтүү керектигин кошумчалады.