Көңүл ооруп, зээнибиз кейип турат. С.Жапаров Палестина-Израиль чатагы тууралуу

Мамлекет башчысы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо салып турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкент шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмга (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде палестиндер менен израилдиктердин чатагы тууралуу сөз кылды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга көңүлү ооруп, зээни кейип байкоо салып отургандыгын айткан.
"Эки тарапты курмандыктарды жана жай тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согушту тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз", — деген Жапаров.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 10,5 миң кишиге жетип, 26 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумганы, ар кыл эсептер боюнча 150 израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылууда.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот