Чүйдө ишкерди коркутуп ири суммада акча талап кылган беш киши кармалды

Шектүүлөр Кара-Балта шаарынын аймагынан 165 миң сомду опузалап алган жеринен колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ишкерден опузалап ири суммадагы акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ишкерден опузалап ири суммадагы акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Сентябрда милицияга Чүй облусунун тургуну кайрылып, андан 45 миң доллар акчаны коркутуп талап кылып жаткан жарандар тууралуу кабарлаган

Сентябрда милицияга Чүй облусунун тургуну кайрылып, андан 45 миң доллар акчаны коркутуп талап кылып жаткан жарандар тууралуу кабарлаган.
"Шектүүлөр колунда барларды аныктап, ай сайын акча берип турууну талап кылышкан. Андан сырткары, кылмыш чөйрөсүнө көңүл бурбаганын айтышып, коркутуп келишкен. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча иш козголду. Кылмыштуу топ бир аз күн мурда Кара-Балта шаарынын аймагынан 165 миң сомду опузалап алган жеринен кармалды", — деп жазылат маалыматта.
Колго түшүрүлгөн беш киши Чүйдүн Панфилов районунун тургундары экени маалым болду. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.
Кара-Балтада элдин 560 миң сомун опузалап алган. Шектүү Россиядан кармалды