ЕАЭБде айыл чарба продукциясын салыштырмалуу көбүрөөк өндүргөн өлкөлөр. Тизме

ЕЭК быйылкы январь-сентябрь айларына карата статистиканы 2022-жылдын ушул мезгили менен салыштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен үч өлкө айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрүн көп өндүрө баштады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жазылган.
ЕЭК быйылкы январь-сентябрь айларына карата статистиканы 2022-жылдын ушул мезгили менен салыштырган.
Айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүүнүн өсүшү байкалган мамлекеттер:
Арменияда — 1,6 пайыз;
Кыргызстанда — 0,1 пайыз;
Россияда — 1,3 пайыз.
Ошондой эле бул мезгилде ЕАЭБде малды жана канаттууларды союу 2,3 пайызга, сүт өндүрүү 2,9 пайызга жана жумуртка өндүрүү 1,2 пайызга өскөнү маалым болду.
Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду