БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Кечээ, 8-ноябрда, түнкү саат 23:30дар чамасында милицияга борбор калаадагы Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекке белгисиз аял ымыркайды таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тартип сакчылар барып, жаңы төрөлгөн наристени табышкан. Бул факт милициянын журналына каттоого алынып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Ал эми кызыл эт ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүп берилген. Бөбөктүн абалы туруктуу экенин кошумчалашты.