Бишкекте эл аралык медиамектеп ачылды

9-10-ноябрда өтө турган медиамектептин ишине КРСУ, БГУ жана Россиянын бир нече окуу жайларынын (онлайн) студенттери катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Россия — Борбор Азия мамлекеттеринин диалогу" эл аралык программасынын алкагында Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде эл аралык медиамектеп ачылды.
1 / 4

"Россия — Борбор Азия мамлекеттеринин диалогу" эл аралык программасынын алкагында Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде эл аралык медиамектеп ачылды

2 / 4

Окуу жайдын маалымат саясаты боюнча проректору Федор Турыгин медиамектепте Кыргызстандын медиарыногу, журналистика тармагы талкуулана турганын белгилеген

3 / 4

9-10-ноябрда өтө турган медиамектептин ишине КРСУ, БГУ жана Россиянын бир нече окуу жайларынын (онлайн) студенттери катышмакчы

4 / 4

Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын журналисттери, адистери тажрыйбалары менен бөлүшө турганы кошумчаланды

Окуу жайдын маалымат саясаты боюнча проректору Федор Турыгин медиамектепте Кыргызстандын медиарыногу, журналистика тармагы талкуулана турганын белгилеген.
"Чогулган эксперттер жана журналисттер Кыргызстандын медиарыногунда кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин жакшы билишет. Эки күндүн ичинде эксперттер журналисттикке окутуунун жаңы ыкмаларына, жол-жоболоруна токтолушмакчы", — деген Турыгин.
9-10-ноябрда өтө турган медиамектептин ишине КРСУ, БГУ жана Россиянын бир нече окуу жайларынын (онлайн) студенттери катышмакчы. Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын журналисттери, адистери тажрыйбалары менен бөлүшө турганы кошумчаланды.
Россиянын ЖОЖдорунда акысыз окуу. Документтер кабыл алына баштады