"Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев бошотулду. Шарты

Минкеев Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешени адалдоо" беренеси боюнча айыпталып, кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев тышка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотулганын Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко УКМКнын тергөөчүсү берген.
"Бишкектин Октябрь райондук соту УКМК кызматкеринин өтүнүчүн канаттандырды. Айыпталуучунун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тышка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотулду", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, ири курулуш компанияларынын биринин директору октябрда кармалган. Бизнесмен Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешени адалдоо" беренеси боюнча айыпталып жаткан.
Курулуш компаниянын жетекчиси Имамидин Ташов кармалды. Сүрөт