А.Жапаровдун Көлбаевдин энесинин тоюна барганы боюнча бийликтин түшүндүрмөсү

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков тарап кеткен видео боюнча түшүндүрмө берди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Интернет айдыңына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун криминалдык төбөл Камчы Көлбаевдин энеси Мая Алиеваны юбилейи менен куттуктап сүйлөп жаткан видеосу тараган.
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков аталган видео боюнча үн катты.
Анын айтымына караганда, Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын 70 жылдык тоюна кошунасы катары чакырылганын билдирди.
"Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары, тойго кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен Жапаровдун эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз", — деди Орунбеков.
Ташиев: Кыргызстанда мындан ары Көлбаев деген мафия болбойт!