Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ өкмөтүндө Украинага түз бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн акча калган жок

Эгерде АКШ конгресси Киевдин муктаждыктарына кошумча каржылоону бекитпесе, анда АКШнын Украинадагы өнөктөш уюмдары бул өлкөдөгү гуманитардык жардамды алуучулардын санын 75 пайызга кыскартууга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. АКШ өкмөтүнүн Киевге түз бюджеттик колдоо көрсөтүүнү улантууга каражаты калбады, башка жактан акча бөлүнбөсө, гуманитардык жардам толугу менен токтошу мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Европа жана Евразия иштери боюнча жетекчисинин жардамчысы Эрин Макки билдиргенин РИА Новости жазды.
"Учурда бюджеттен түз бөлүнүп жаткан үзгүлтүксүз колдоо үчүн каражат калбады. Мындан ары акча бөлүнбөсө, Украинанын өкмөтү эмиссия чыгарууга жана маанилүү кызматкерлердин маяналарын төлөбөө сыяктуу чукул чараларды көрүүгө аргасыз болот. Бул гиперинфляцияга алып келип, аскердик багытка олуттуу зыян келтириши мүмкүн”, — деди Макки Сенаттын тышкы байланыштар боюнча комитетинин угуусунда.
USAIDдин жогорку даражалуу кызматкеринин айтымында, эгерде АКШ конгресси Киевдин муктаждыктарына кошумча акча бекитпесе абал бир топ кыйындайт. Анда АКШнын Украинадагы өнөктөш уюмдары Украинадагы гуманитардык жардамды алуучулардын санын 75 пайызга кыскартууга же гуманитардык жардамды толугу менен токтотууга туура келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рада депутаты: Украинанын тышкы каржылоосунда АКШдан улам көйгөй жаралды