Жапаров менен Мирзиёев сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүрөт

Жапаров Ташкентке Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
"Тараптар эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, маданий-гуманитардык алмашуу активдешип жатканын, ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жемиштүү иштер уланып, мында өсүштүн оң динамикасы байкалганын канааттануу менен белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев эки өлкө элинин жыргалчылыгы үчүн өнөктөштүктүн бардык тармактарында достукту жана ынак коңшулукту мындан ары дагы өнүктүрүүнү макулдашты.
С. Жапаров Өзбекстанга сапар алды. Коштоп кеткендердин тизмеси