Америкада атактуу "Секретные материалы" сериалы тартылган жай өрттөндү. Видео

Жарым-жартылай күлгө айланган бул тарыхый жайда дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда дирижаблдер сакталып турганы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Америкада "Секретные материалы" сериалы, "Перл-Харбор" фильми тартылган жыгачтан жасалган эбегейсиз кампа өрткө чулганды. Бул тууралуу NBC жазды.
“Кампадагы өрткө байланыштуу Тастинде мурдагы авиабаза жайгашкан жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат... ... Өрттүн кебетесин көрүп жана кулап түшө турган кооптуулуктан улам эң жакшысы анын урап түшүшүн күтүп, андан соң жердеги өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоого жакыныраак келип, аны ыкчамдык менен өчүрүү туура болот деген тыянакка келдик”, — деген округдун Өрткө каршы кызматы Х социалдык тармагындагы баракчасындагы маалыматында.
NBC Los Angeles телеканалы өрт алган кампа жыгачтан жасалган дүйнөдөгү эң ири кош имарат жайлардын бири экенин билдирди. Бул жерде "Перл-Харбор" фильми жана "Секретные материалы" сериалы тартылган. Ал эми дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда дирижаблдер сакталып турган.
Гавайидеги ири өрттөн 89 адам каза болду