Путин ЕАЭБ, ШКУга таянып ири евразиялык өнөктөштүк түзүү керектигин айтты

РФ лидери масштабдуу тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирип, ишенимди бекемдеп, кызматташууга даяр болуу зарыл деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Жаңы, адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуу үчүн Евразияда тынчтыктын, туруктуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн бирдиктүү мейкиндигин түзүү керек. Бул тууралуу Владимир Путин "Казакстанская правда" гезитине маек берип жатып билдирген.
Путиндин Казакстандын гезитине курган кеңири маеги Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Өнүгүүнүн заманбап этабынын негизги тенденциясы эл аралык укукка негизделген жаңы, адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуу. Россия Евразияда тынчтыктын, туруктуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн бирдиктүү мейкиндигин жаратуу бул процесстин ажырагыс бөлүгү деп эсептейт", — деген РФ лидери.
Путин мындай масштабдуу тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирип, ишенимди бекемдеп, кызматташууга даяр болуу керектигин кошумчалаган. Ошол эле учурда ар бир улуттун суверендүү укугун сыйлоо зарылдыгына токтолгон.
"Евразия экономикалык биримдиги жана Шанхай кызматташтык уюмуна таянуу менен региондогу бардык мамлекеттердин жана көп тараптуу бирикмелердин потенциалын бириктирүү аркылуу ири евразиялык өнөктөштүктү, интеграциялык контурду түзүү максатка жетүүдөгү негизги кадам деп эсептейбиз", — деген ал.
Путин Борбор Азия менен кызматташуунун пайдасы тууралуу айтты