Мугалимдер менен директорлордун айлыгы канча экени айтылды. Сандар

Бишкектеги мугалимдердин айлыгы облустагы кесиптештериникинен бир аз азыраак, себеби тоолуу аймактагыларга кошулат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Өлкөдө мектеп директорлорунун орточо айлыгы 35 200 сомду, ал эми борбор калаа Бишкекте 35 100 сомду түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Ал эми дубандардагы мугалимдер орто эсеп менен айына 26 800, Бишкекте 26 200 сомдун тегерегинде алышат. Байкалган 600 сом айырмачылык — тоолуу аймактагы агай-эжелерге кошумча каражат каралгандыктан болууда.
Бул — салык менен социалдык төлөмдөр кармалганга (болжол менен 5 000 сомго чейин) чейинки сумма экендигин эске сала кетүү керек. Ошондо мугалимдердин колуна орточо алганда 21 962 сом тиет.
Алган айлыктардын так суммасы:
Баткен облусу — 27 890 сом (колго алганы — 22 590);
Ош облусу — 27 383 сом (колго алганы — 22 180);
Жалал-Абад — 27 637 сом (колго алганы — 22 386);
Талас — 25 862 сом (колго алганы — 20 948);
Чүй — 25 355 сом (колго алганы — 20 538);
Нарын — 34 229 сом (колго алганы — 27 725);
Ысык-Көл — 26 369 сом (колго алганы — 21 359);
Ош шаары — 24 150 сом (колго алганы — 19 562);
Бишкек — 25 150 сом (колго алганы — 20 372).
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде айлык өскөнү айтылды. Сандар