Өкмөт: Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 18 чакырымы боюнча макулдашты

Жолугушуу 1-8-ноябрда Тажикстандын Согду облусундагы Бустон шаарында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17, 89 чакырымы боюнча макулдашуу болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлады.
Жолугушуу 1-8-ноябрда Тажикстандын Согду облусундагы Бустон шаарында өткөн.
“Тараптар мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо иштерин эмкиде, Кыргызстандын аймагындагы болгон жолугушууда улантышмакчы”, — деп айтылган билдирүүдө.
Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлган. Өкмөттүн тараткан маалыматында жолугушуу достук, өз ара түшүнүүчүлүк маанайда өттү деп айтылган.
1 / 2

Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлган

2 / 2

Өкмөттүн тараткан маалыматында жолугушуу достук, өз ара түшүнүүчүлүк маанайда өттү деп айтылган.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелерин Жаңы жылга чейин чечип алышарын билдирген эле.
Октябрдын башында Кыргызстан менен Тажикстан № 44 протоколго кол коюшкан. Анда аталган документке кол коюу “эки өлкөнүн ортосундагы бардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз берет” дешкен.
Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 972 миң чакырым. Август айындагы маалыматтарга таянсак, алардын 290 чакырымы тактала элек. Ал эми айтылып жаткан № 44 протоколдон кийин чек араны тактоо процесси салыштырмалуу тездеген.
Акылбек Жапаров Согд жана Фергана облустарынын башчылары менен жолукту