Кыргызстандыктар акчаны чыгарбай, көбүнчө карта менен колдоно баштады

Экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, картаны колдонуу менен 53,6 миллион транзакция жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктар төлөмдөрдү көбүнчө банкоматтардан акча чыгарбастан карта менен жүргүзө баштаганы байкалды. Анткен менен накталай акчанын көлөмү баары бир көптүк кылууда.
Экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, картаны колдонуу менен 53,6 миллион транзакция жүргүзүлүп, жалпы суммасы 203 миллиард сомду түзгөн.
Алардын ичинен:
24,9 миллион операцияда 163,1 миллиард сом накталай чыгарылган;
28,7 миллион операция соода-тейлөө ишканаларындагы POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлүп, 39,9 миллиард сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, карта менен 42,5 миллион транзакция жүргүзүлгөн. Анын жарымынан бир аз көбү (21,6 миллион) накталай чыгарылган. Анда дагы POS-терминалдардагы операцияларга караганда накталай акчанын суммасы жогору болгон.
Кыргызстандагы банктар 9 айда дээрлик 18,6 млрд. сом киреше тапты