“Манастын” трассасында милицияны сүзүп кете жаздаган бейбаш кармалды. Видео

Жалпысынан 12 айдоочу тартип сакчыларынын колуна түшүп, баарына 15 миң сомдон айып салынды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кетчү трассада автожарыш уюштургандардын бири, милиция кызматкерин сүзүп кете жаздаган айдоочу кармалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Эске салсак, 5-ноябрда Манас айылынын аймагында (“Манас” эл аралык аэропортунун жолунда) белгисиз бирөөлөр трассаны тосуп, жеңил автоунааларын жарыштырган. Алар милициянын талабына баш ийбей, жолдогу башка айдоочуларга тоскоолдук жаратып, инспекторлорго каршылык көрсөткөн. Мындан сырткары, кызматтык автоунааларды таш менен ургулашканы айтылган.
"Бейбаштык жасап, милиция кызматкерин сүзүп кете жаздаган автоунаанын айдоочусу кармалды. Жалпысынан 12 айдоочу тартип сакчыларынын колуна түшүп, баарына 15 миң сомдон айып салынды. Ошондой эле автокөлүктөрү айып короого токтотулду", — деп жазылат маалыматта.
Андан ары чара көрүү үчүн жарыш уюштурабыз деп эреже бузган ээнбаштар тергөө кызматтарына жеткирилген.
Ошто 3 жоокер жол кырсыгына кабылып, бирөө мүрт кетти