Советтик жоокерлердин 1941-жылы Кызыл аянтта өткөн парады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. – Sputnik. 1941-жылдын 7-ноябрында Кызыл аянтта Октябрь революциясынын урматына арналган советтик жоокерлердин парады өткөн. Алар андан ары Москваны коргоо үчүн жөнөп кетишкен.
Ошол кезде немецтер борбор калаадан 50 чакырым гана алыстыкта жайгашып, Москваны алуу операциясына камынып жатышкан.
“Биздин улуу бабаларыбыз Невский, Донской, Минин, Пожарский, Суворов жана Кутузовдун эрдик образы силерге дем күч берсин!” – деп Мавзолейдин трибунасынан Сталин сүйлөгөн.
Бир айдан кийин жеңилбес репутациясын алып жүргөн улутчулдар алгачкы жеңилүүгө дуушар болгон.
“Бул парад – согуш учурундагы эрдиктин жана ишенимдин эң мыкты демонстрациясынын бири”, – деп жазды британиялык Daily Mail.
Парадга көрүлгөн даярдык чоң сыр болгон. Иш-чара эртең мененки саат 8:00дө башталган.
80 жыл мурун Кызыл армия Днепропетровскини фашисттерден бошоткон. Видео