Бишкекте журналистика жана жаңы медиа боюнча семинар өтөт. Катышуу жолдору

Ага Кыргызстандагы ЖМК журналисттери жана блогерлер катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. 15-ноябрда Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") Журналистика жана жаңы медиа мектеби иш-чарасы өтөт. Борбордун маалыматына ылайык, саамалык "Комсомольская правда" медиатобу тарабынан уюштурулууда.
Ага Кыргызстандагы ЖМК журналисттери жана блогерлер чакырылат. Медиасеминар "Журналист маалыматтык тирештин шартында" деп аталат.
Семинарда сүйлөй турган спикерлер:
Россиянын эмгек сиңирген журналисти Галина Сапожникова;
"Комсомольская правда" басылмасынын баяндамачысы Александр Гамов;
KP.RU сайтынын шеф-редактору Виктор Канский;
КП-ТВнын башкы редактору Александра Лябина.
"Медиасеминардын катышуучулары теория жана практика жүзүндө ар тараптуу журналисттин иштери менен таанышат, мастер-класстар өткөрүлөт", — деди борбордон.
Иш-чарага катышуу үчүн 10-ноябрга чейин катталуу формасын толтуруу керек. Катышуучулардын санына чек коюлган.
Пресс-борбор
Бишкекте жаңылык жазуу боюнча мастер-класс өттү. Видео