Радио

Бишкекте нан саткан 8 муниципалдык павильон ачылат

"Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын директору Алтынбек Осмонкулов учурда ишкана 6000-7000 даана нан бышырарын айтты.
Sputnik
Ишканада күнүнө 20 миң бөлкө өндүрүүгө ылайыкталган нан бышыруучу жабдуулар бар. Бирок бүгүнкү күндө бул мүмкүнчүлүктүн 25-30 пайызын гана колдонуп жатабыз. Бул тууралуу Алтынбек Осмонкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасы үч түрдүү нан (биринчи сорттогу нан, экинчи сорттогу боз нан, кара нан) бышырат.
"2020-жылдын март айынын соңунда карантинге байланыштуу өндүрүшүн токтоткон "Бишкек наабайкана" 2023-жылдын февраль айында кайра ишин жандантты. Ишкана жалпы жонунан 100гө жакын муниципалдык социалдык объектилерди жана мекемелерди (бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды ж.б) нан менен жеткиликтүү баада камсыздайт. Учурда 6000-7000 даана нан өндүрөбүз. Өзүбүздүн лабораториябыз бар. Анда сырьенун сапатына көзөмөл жүргүзүү, техникалык процессти жана нандын сапатын көзөмөлдөө максатында үлгүлөр анализденет", — деди Осмонкулов.
Ал жакында Бишкекте нан саткан 8 муниципалдык павильон ачыларын кошумчалады.