Медициналык калдыктарды зыянсыздандыруучу 15 млн. сомдук шаймандар алынды

Бул калдыктар кооптуу микроорганизмдерди, уулуу дары-дармекти камтыйт жана радиологиялык коркунучу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. ЮНИСЕФ (БУУнун Балдар фонду) өлкө боюнча медициналык мекемелерге баасы 15 миллион сомдон жогору турган калдыктарды зыянсыздандыруучу каражаттарды өткөрүп берди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Анын арасында шприц ийнелерин кесүүчү кайчылар, ийнелер үчүн атайын контейнерлер, чакалар жана атайын санитардык баштыктар бар.
Маалыматка ылайык, бул шаймандар өлкө боюнча 1 735 эмдөө пунктунун арасында бөлүштүрүлүп чыгат. Запастар бул мекемелердин муктаждыктарын дээрлик эки жылга жабат деп күтүлүүдө. Каражат COVID-19га каршы эмдөөнү илгерилетүү жана вирус менен күрөшүү боюнча Gavi программасынын (CDS) алкагында медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн берилген.
“Медицина кызматкерлеринин жана жалпы калктын коопсуздугу ЮНИСЕФ үчүн биринчи орунда турат. Биз медициналык калдыктарды туура башкарууну жакшыртууда жана бул системанын туруктуулугун бекемдөөдө Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчибиз”, – дейт фонддун Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.
Министрлик билдиргендей, Кыргызстанда саламаттык сактоо системасы жыл сайын 10 миң тоннадан ашык калдык чыгарат. Ал жалпы таштандынын болжол менен 2-3 пайызын гана түзгөнүнө карабастан өзгөчө коркунучтуулардын катарына кирет. Алар кооптуу микроорганизмдерди, уулуу дары-дармекти камтыйт жана радиологиялык коркунучу бар. Ошондуктан мындай калдыктар менен иштөө маселесине өтө олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Медициналык калдыктардын ар бир түрү өзгөчө туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз жол менен иштетилиши керек.
Пресс-борбор
Тигүү цехтеринен чыккан калдык зыянсыз өрттөлүп жатат. Жаңы жабдуу орнотулду