Антитеррордук борбор КМШдагы терроризм кооптуулугун күчөткөн жагдай тууралуу айтты

Ташкентте террористтик коопсуздукка байланышкан конференция өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Куралдуу жаңжалдар жүрүп жаткан аймактан заманбап курал-жарактардын чыгып кетиши КМШ чөлкөмүндө террористтик кооптуулукту күчөтүп жатат. Бул туурасында КМШнын Антитеррордук борборунун жетекчиси Евгений Сысоев билдиргенин РИА Новости жазды.
Ташкентте бүгүн “Ишеним, кызматташтык жана кесипкөйлүк – келечектеги коопсуздуктун кепили” аталышындагы ШКУнун Регионалдык антитеррордук структурасынын илимий-практикалык конференциясы ачылды.
“Террордук уюмдардын жаңы маалыматтык жана технологиялык жетишкендиктерди, анын ичинде жасалма интеллект технологияларын, учкучсуз аппараттарды жана башка роботтошкон комплекстерди колдонуу аракети кооптуулук жаратат. Ошондой эле радиоактивдүү, химиялык жана биологиялык заттарга жетүүгө аракет кылышууда”, — деди Сысоев.
Анын баамында, өнөр жай, энергетика жана транспорттук объектилерде теракт жасоо тобокелчилиги сакталууда, ал эми кесепети глобалдык жана ордуна келтирилгис катары мүнөздөлгөн өзөктүк катастрофа кооптуулугу бир нече эсеге өскөн.
Министрдин орун басары: фейктер улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат