Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орунсуз. Трамп Зеленскийдин чакыруусун четке какты

Зеленский Трамптын буга чейин “Украинадагы конфликтини 24 саатта чечип кое алам” деген кеби жөнсүз экенин айтып, 5-ноябрда өлкөгө келип кетүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. – Sputnik. Ак үйдүн мурдагы жетекчиси Дональд Трамп президент Владимир Зеленскийдин Украинага чакыруусунан баш тартты. Бул тууралуу Newsmax жазганын РИА Новости кабарлады.
“Мен Зеленскийди абдан сыйлайм. Бирок азыр бул нерсе орунсуз деп ойлойм”, — деди Трамп.
Ал Украинанын президенти менен учурда Жо Байдендин администрациясы иштешип жатканын жана кызыкчылыктардын конфликтин жараткысы келбей турганын белгилеген.
Трамп ошондой эле АКШ Украинадагы позициясын алдырып жатканын айткан. Ал белгилегендей, муну ЖМКлардагы маалыматтардан байкаса болот.
Зеленский Трамптын буга чейин “Украинадагы конфликтини 24 саатта чечип кое алам” деген кеби жөнсүз экенин айтып, 5-ноябрда өлкөгө келип кетүүгө чакырган.
Соңку кезде Батыштын ЖМКлары Батыш Украина чуусунан тажаганын жана Зеленскийдин режимин колдоо алсырап бара жатканын байма-бай жазышууда. New York Times басылмасы Киевге ЖМКлардын көңүл буруусу гана эмес, курал-жарак дагы жетишпей жатканына басым жасаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЦРУнун экс-агенти: Зеленский Батыштын позициясынан улам айласын таппай турат