Аалымдар кеңеши: жихад ниетинде Палестинага баруу шарияттык эрежеге сыйбайт

Буга чейин УКМК да билдирүү таратып, жихад деп Палестинага барам дегендер жазаланарын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Израиль өлкөсүнүн Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргыны — адамзаттык кылмыш. Мындай билдирүүнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши таратканын муфтият кабарлады.
Анда дүйнө элдери болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын айыптап, аны тезирээк токтотууну талап кылып жатканы айтылат.

"Кыргызстан географиялык жактан алыс жайгашкандыктан моралдык жана материалдык жардам берүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эл чогулган жерлерде, мечит-медреселерде, жума намазга келген жамааттар менен, жадагалса ар бир мусулмандын жеке ибадаттарында Палестина эли үчүн дуба кылууга чакырабыз. Эң негизгиси материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге кайрылууда каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатканы белгиленген.
"Чакырыктарды аалымдарыбыз иликтеп чыкты. Жыйынтыгында мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоцияга алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз", — деп айтылат маалыматта.
Соцтармакта Палестинага жихадга чакырышууда. УКМК жоопкерчилик тууралуу эскертти