Анткен менен пилди эки үйүрлөшү кыйынчылыкта жалгыз калтырган эмес. Окуя Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында болгон.
Жаныбарлардын жагымсыз окуяга кабылган жолдошуна күч, дем берип, тыным албай, аны куткарып калууга жасаган аракетин четте турган туристтер тартып алган.
Адамдын чыдамы түгөнүп, ичи бышып кете турган окуя бир топко созулган. Канчалык аракет кылганы менен пил суурулуп кете албай кыйналган. Кыйынчылыкка моюн бербей, кырсыкка кабылган үйүрлөшүн жанындагы эки пил акырында баары бир куткарып алып, окуя көңүл тынчыткан натыйжа менен аяктаган.