Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадан оолактоого аракет кылат. НАТОнун келечеги тууралуу

Украина Куралдуу күчтөрү июндан бери эле НАТОнун даярдыгынан өткөн бөлүктөрү менен контрчабуул жасоого аракет кылып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Украин жаңжалында ою ишке ашпай калгандыктан НАТОнун келечеги бүдөмүк. Бул тууралуу ЦРУнун экс-кызматкери Ларри Жонсон Dialogue works YouTube-каналында маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"НАТОнун келечеги бар деп айта албайм. Ортодогу чырды басуу же биротоло токтотуу үчүн эч нерсе жасай албайт. Украина альянста армиясынын саны боюнча АКШдан кийинки орунда турганын унутпайлы. Түркия Украинадан кийин болчу", — деди эксперт.
Анын айтымында, ушундай артыкчылыкка карабастан Украина армиясы дээрлик талкаланып калды.
"Тирешүү кыйроо менен (Батыштын — ред.) аяктады. Адамдар жеңилген тарапта болгусу келбейт. Демек, Украинадан оолактоого аракет жасалат", — деди Жонсон.
Украина Куралдуу күчтөрү июндан бери эле НАТОнун даярдыгынан өткөн бөлүктөрү менен контрчабуул жасоого аракет кылып келет. РФ президенти Владимир Путин айткандай, Киев бир да багытта ийгиликке жете алган жок. Коргоо министри Сергей Шойгу контрчабуулун баштагандан бери Украина Куралдуу күчтөрү 90 миң кишисинен ажырап, 600дөй танкынан кол жууганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Катуу кыйналат. ЖМКлар Батыш Украинаны куру кыялга батырып жатканын жазышты