Ошто мектептин аймагына кирип кеткен 9 үйдүн курулушу бузулууда. Сүрөт

Учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы мектептин аймагына кирип кеткен тогуз үйдүн курулушу буздурулуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
1 / 4

Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы мектептин аймагына кирип кеткен тогуз үйдүн курулушу буздурулуп жатат

2 / 4

Маалыматта мэр Бакыт Жетигенов аталган турак жай ээлери менен жолукканы айтылат

3 / 4

Бул жердеги үйлөр бир метрден төрт метрге чейинки аралыкка чыгып кеткен

4 / 4

Ушу тапта турак жайлардын дубалдары менен чарбалык курулуштары буздурулуп жатат

Маалыматта мэр Бакыт Жетигенов аталган турак жай ээлери менен жолукканы айтылат. Бул жердеги үйлөр бир метрден төрт метрге чейинки аралыкка чыгып кеткен. Ушу тапта турак жайлардын дубалдары менен чарбалык курулуштары буздурулуп жатат.
Эске сала кетсек, буга чейин мэр шаардагы мектептердин аймагына мыйзамсыз кирип, курулуш жүргүзгөн тараптарды коомго ачыктап, жерлерди мектепке кайтарып алуу боюнча тапшырма берген болчу. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Радио
Республика боюнча 225 объект мыйзамсыз курулган болуп эсептелет