БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында кызамык менен ооруган бейтаптар үчүн бүгүн кошумча бөлүм ачылат. Бул тууралуу башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта ооруканада кызамык менен ооруган 78 бейтап дарыланууда. Мындан тышкары, 17 адамда аталган оорунун белгилери бар, бирок так диагноз чыга элек. Буга байланыштуу аларды да өзүнчө палатага жаткырышкан. Мындан улам кошумча бөлүм ачууга туура келүүдө.
"Кошумча бөлүм кызамык менен ооругандардын саны азайганга чейин иштейт. Дарылануудагы бейтаптардын 85 пайызы эмдөө албагандар", — деген башкы дарыгер эмдөөгө олуттуу мамиле жасоого чакырды.
Айта кетсек, жыл башынан бери өлкөдө 3 миңден ашык адам кызамык оорусуна чалдыккан. Алардын басымдуу бөлүгү 4 жашка чейинки балдар жана эмдөөдөн өтпөгөн окуучулар.