Бишкекте эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тергөө башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкекте эки айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан В. Д. аттуу кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи маалымдады.
Кыз ушул жылдын 31-августунда 7-кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен, ошол бойдон дайыны билинген эмес.
4-ноябрда милицияга шаардагы Ботаникалык бакчада кыздын жансыз денеси жатканы, ал өзүн-өзүн өлтүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Милиция анын денесинде так, кыйноонун белгилери жок экенин билдирди.
Кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Чүйдө кызганычтан улам адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, унаасы өрттөлгөн. Видео