Министрлик: чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүү эрежелери өзгөргөн жок

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кимдер өлкөдө 90 күнгө чейин жүрө аларын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген документтерди каттоонун жана алуунун тартиби өзгөргөн жок. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Визасыз режим менен жүрүү мөөнөтүн эсептөө механизми тиешелүү уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруудан качкан чет элдиктерге гана колдонулат. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары 90 күн жүрө алат. Бул каттоо эсеби жок болгондо, ошондой эле "Мекен карта", "Кайрылман" же "Санариптик көчмөн" макамы бар учурда ишке ашат.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана ЕАЭБ жарандарын каттоо мурдагыдай эле алты айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. Алар өлкөдө жүрүү максатына жараша каттоону узарта алышат.
Чет элдиктер үчүн visa-run тутумунун жоюлушу эмнени туюндурат. ТИМ адиси менен маек