БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Украина Батыштын колдоосу жок кийинки жазда катуу кыйналат, убадаланган жаңы истребителдерден дайын жок. Бул тууралуу британиялык Telegraph гезити жазып чыкканын РИА Новости кабарлады.
"Украинага Россиянын абадагы үстөмдүгүнө каршылык көрсөтүү үчүн америкалык F-16 истребителдери убадаланган эле. Жеткирилеринен эч шыбыш жок, пилотторду да окуудан өткөрүү зарыл", — деп жазды басылма.
Макалада жазга чейин Россия армиясын күчтөнтүп, жаңы жоокерлерди даярдоого үлгүрөрү айтылат.
Мындан тышкары, гезит Киев Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчуп кетишинен кооптонушу керектигин, эгер андай боло турган болсо НАТО Украинаны көз жаздымда калтырып коюшу толук мүмкүн экенин жазды.
Акыркы мезгилде дүйнөлүк ЖМКлар Батыш украин чатагынан чарчап баратканын, Зеленскийди колдоо мурдагыдай болбой калганын байма-бай эскертүүдө. Алсак, New York Times гезити Украина ок-дарыга катуу муктаж болуп турганын айтып чыкты. АКШ президенти Жо Байден Киевди да, Тель-Авивди да колдой турганын айтканы менен жыйынтыгында Израилге курал-жарак көбүрөөк керектелиши мүмкүн.
Ал эми жума күнү АКШнын өкүлдөр палатасы Тель-Авивге болжол менен 14,3 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берди. Документте Украина боюнча сөз жок.