Оверчук ЕАЭБде бирдиктүү көз караш калыптанып жатканын айтты

Ал Верона Евразиялык экономикалык форумунда Россиянын экономикасынын өсүшү менен бирге союздук мамилени сактап келген өлкөлөрдүн да экономикасы илгерилеп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өлкөлөр бири-бирин сыйлаган, ал эми чечимдер консенсустун негизинде кабыл алынган Евразия экономикалык биримдигинде Түндүк Евразияны өнүктүрүү боюнча бирдиктүү пикир калыптанууда. Мындай билдирүүнү Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары Алексей Оверчук жасады.
Ал Өзбекстанда өткөн Верона Евразиялык экономикалык форумунда Россиянын экономикасынын өсүшү менен катар союздук мамилени сактап келген мамлекеттердин да экономикасы илгерилеп жатканын белгилеген.

"Бүгүнкү күндө биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздап, технологиянын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, товарлар, капитал, кызматтар жана жумушчу күчү рынокторунун тоскоолдуксуз болушуна өбөлгө түзүүдөбүз. Сооданын 90 пайызын улуттук валюталарда жүргүзүүдөбүз. Мындан аркы өнүгүү үчүн зарыл болгон бардык жаратылыш ресурстары бар", — деген Оверчук.

Оверчук: ЕАЭБдеги товар жүгүртүү көлөмү 100 млрд. долларга жетиши мүмкүн